"Манас" эпосундагы каармандардын ысымдары өкмөттүн уруксаты менен гана колдонулат

Маданият министрлиги "Манас" эпосу жөнүндө мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. "Манас" эпосунун үчилтигинин классикалык варианттары болуп манасчылар Сагынбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттары саналат.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги демилгелеген.
Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунда "Манас" эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу боюнча дагы норма камтылган.
"Мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка түрлөрүндө турган объектилердин жана алар тарабынан чыгарылуучу продукциянын аталыштарында "Манас" эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын пайдаланууга министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте уруксат берилет", — деп жазылган мыйзам долбоорунда.
Ошондой эле документте манасчы жана интеллектуалдык мурас түшүнүктөрү чечмеленген.
Көөнө Сөз
Манасчы "басма-ылоо" деген сөздү чечмелеп берди