Өлкө боюнча 477 көмүр базасы ачылды. Баалар

Энергетика министрлиги көмүр базаларды ачып, наркын аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Республика боюнча 477 көмүр базасы ачылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 10 көмүр кампасы ачылып, анда көмүрдүн тоннасы орточо 5200-6300 сомдон аныкталган. Ал эми Ош шаарында 21 пункт ачылып, көмүр 6500-7000 сомдун тегерегинде аймактын алыстыгына жараша аныкталган.
Облустар боюнча баалар:
Жалал-Абад — 150 пункт, баасы 4000-7000 сом;
Ош облусу — 99 пункт, баасы 5000-9000 сом;
Баткен — 50 пункт, баасы 5000-10000 сом;
Ысык-Көл — 34 пункт, баасы 4322-9500 сом;
Нарын — 68 пункт, баасы 3500-5800 сом;
Талас — 5 пункт, баасы 6300-9000 сом;
Чүй — 40 пункт, баасы 5000-6600 сом.
Эске салсак минкаб 15-сентябрдан тарта үч айга көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизген.
Кыргызстанда көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет