Эски долларлар жүгүртүүдөн чыгарылдыбы? Улуттук банктын жообу

Башкы банк чет өлкөлөрдүн валюталарын жүгүртүүдөн чыгарууга укуктуу эместигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Эски долларлар жүгүртүүдөн чыгарылды деген маалымат жалган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Эскерте кетсек, "ак" доллар колдонуудан чыгарылып, коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар бул валютаны кабыл албайт деген маалымат тараган.
"Улуттук банктын башка өлкөлөрдүн валюталарын, анын ичинде АКШ долларларын жүгүртүүдөн алууга укугу жок. Ошондой эле банктар жана акча алмаштыруучу жайлар төлөм каражаты статусун жогото элек валютанын наркына, чыгарылган жылына жараша ар кандай баа белгилей албайт", — деп айтылат башкы банктын тараткан билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, эл арасында "ак" доллар деп 1996-2006-жылдары чыгарылган АКШ долларын аташат, анткени бул банкноталар агыш түсү менен айырмаланып турат.
Кыргызстан банктары жарым жылда 300 млрд. сомдук чет элдик валюта сатты