Кант кызылчасын ташуу үчүн вагон менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырылды

1-октябрдан тартып кант кызылчасы Кемин, Токмок, Ивановка, Кант, Сокулук, Беловодское жана Талас облусунда жайгашкан Маймак пунктунда кабыл алынууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. "Кыргыз темир жолуна" кант кызылчасын ташуу үчүн вагон менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим кызылча кабыл алуу пунктуларында кампалардын аянты чектелүү болгондон улам кабыл алынган.
"Быйыл кант кызылчасынын түшүмү эң жогорку көрсөткүчтө (рекорддук) экендигин эске алып, кабыл алуу пунктуларында вагондордун токтоп тургандыгы үчүн айып пулду жеңилдетүү тапшырылды. Ошону менен бирге кант кызылчасын кабыл алуу убактысын эки саатка узартуу боюнча чечим чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик 15-октябрга карата 350,6 миң тонна кант кызылчасы кабыл алынып, бул быйылкы түшүмдүн 40 пайызга жакыны экенин белгилешти.
"1-октябрдан тартып кант кызылчасы Кемин, Токмок, Ивановка, Кант, Сокулук, Беловодское жана Талас облусунда жайгашкан Маймак пунктунда кабыл алынууда. Алар күчөтүлгөн тартипте, эртең мененки саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин дем алышсыз иштешүүдө", — дешти министрликтен.
Радио
Быйыл биринчи жолу Ысык-Көлдө кызылча айдалды