Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду Кадамжайда кичи ГЭСтин курулушун каржылайт

Фонд Баткен облусунда бир нече долбоорду каржылап жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кадамжай районунда 600 кВт кубаттуулуктагы "Базарбай Ата-З кичи" ГЭСи курулат. Бул тууралуу Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, долбоордун баасы 40,1 миллион сом болсо, мунун 22 миллион сому фонд тарабынан бөлүнгөн.
Аталган ГЭС ишке кирсе электр энергиясын өндүрүү 5,2 миллион килловатт/саатты түзөт. Бул көлөм жакын жайгашкан Марказ жана Сары-Алтын айылдарынын, ошондой эле Кадамжай районунун айрым бөлүктөрүнүн калкын электр энергиясы менен камсыздоого жетет.
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков Баткен облусу боюнча жети ири долбоор фонд аркылуу ишке ашырылып жатканын, анын ичинде Кадамжай районунун Халмион айылындагы газ-бетон заводунун жана мектептин курулушу бар экенин белгиледи.
Акылбек Жапаров Ошто Папан чакан ГЭСин курууга капсула салды. Сүрөт