Афганстандагы кыргыздарга дары-дармек жеткирилип, меджардам көрсөтүлдү

Гуманитардык миссия Памирдеги этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү программасынын алкагында ишке ашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Афганстандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармек жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, гуманитардык миссияны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жетектеп барган. Ал Бадахшан провинциясынын губернатору менен этникалык кыргыздардын жашоо шартын, социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды жана алдыдагы пландарды талкуулаган.
1 / 2

Афганстандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармек жеткирилди

2 / 2

Маалыматка ылайык, гуманитардык миссияны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жетектеп барган

"Миссиянын алкагында дарыгерлер тобу (кардиологдор, стоматологдор, акушер-гинеколог) 755 жаранга медициналык жардам көрсөтүштү. Ошондой эле адистер жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоо, бодо жана майда малга ветеринардык дары-дармекти туура колдонуу боюнча окутууларды өткөрүштү", — деп айтылат маалыматта.
Гуманитардык миссия Памирдеги этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү программасынын алкагында ишке ашканы кошумчаланды.
Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга салынып жаткан үйлөр бүтүп калды