Радио

Исаев: Курманжан датканын чечими — экстра-класстагы дипломатиянын үлгүсү

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Курманжан датка мыкты дипломат болгонун айтты.
Sputnik
Курманжан датка кыргыз элин сактайм деп экстра-класстагы дипломатиянын үлгүсүн көрсөткөн. Бул тууралуу Асеин Исаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дипломатиянын ыкмалары менен көптөгөн кооптуу иштерди алдын алса болот.
"Эки окуя тууралуу айткым келип турат, Үркүн жана Курманжан датканын баласынын өлүмү. Үркүн тууралуу айтсак, кыргыз элинин башында манаптар турган. Ошондо бир аз ойлонуп, элди кырылтпай сактап калса болот беле? "Макул, 200 улан беребиз, мынча мал алгыла, башка бере албайбыз" деп, балким, алар менен жакшылап сүйлөшсө кандай болмок? Ал эми Курманжан өзү датка эле "элим, баламды өлтүргөнү жатат, туруп бер" десе баары көтөрүлмөк. Бирок мунун арты кандай болот эле? Кыргыз элин сактайм деп ушундай кадамга барган. Курманжан датканын чечими — экстра-класстагы дипломатиянын бир үлгүсү", — деди Исаев.
Ошондой эле ал кесипкөй дипломат катары Курманжан датканын бул чечимин өтө жогору баалай турганын кошумчалады.