КРСУнун жаңы ректору Россиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. КРСУнун ректору Сергей Волков Россиянын илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы илим жана жогорку билим берүү тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
Вакунов КРСУнун орус-кыргыз мамилелерин чыңдоодогу маанилүү ролун белгиледи. Ал университет өлкөлөр ортосундагы маданий жана илимий тажрыйба алмашуу аянтчасы экенин айтты.
Бишкек мэри Россиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту