Радио

Дүйнөдө Кыргызстандын күрөш мектеби түшүнүгү түптөлдү

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча U-17 өспүрүмдөр курама командасынын улук машыктыруучусу Азат Мирахимов жакынкы жылдары эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештерде чоң ийгиликтер күтүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Спортчу катары жетпеген ийгиликке машыктыруучу катары жетем деген максатым бар. Бул тууралуу Азат Мирахимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө Кыргызстандын күрөш мектеби түшүнүгү түптөлүп, жаңы, күчтүү муун тапталып жатат.
"Мен күрөштү Талас шаарында баштап, күчтүү агайлардын колунда машыктым. Карьерамды жыйынтыктап, машыктыруучу болуп иштеп келе жатам. Акырындык менен көздөгөнүбүзгө жетүүдөбүз. Жакында 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медалдарга ээ болдук. Рустамжан Кахаров, Курсантбек Исаков, Өмүрбек Асан уулу жогорку көрсөткүчкө жетип, күйөрмандарды кубандырды. Буюрса, алдыда эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештерде чоң ийгиликтерден үмүт кылып жатабыз. Спортчу катары жетпеген ийгиликке машыктыруучу катары жетем деген максатым бар. Учурда дүйнөдө Кыргызстандын күрөш мектеби түшүнүгү түптөлүп, жаңы, күчтүү муун тапталып жатат", — деди Мирахимов.
Ошондой эле ал күрөшкө спорттук дарыгерлер, диетологдор керектигин, алардын саны көбөйүшү зарылдыгын кошумчалады.