"Дружба" мунай түтүгү 60 жыл мурда курулган. Тарыхый видео

"Бузулбас боордоштуктун" белгиси болгон "Дружба" мунай түтүгү 1964-жылдын 15-октябрында пайдаланууга берилген.
Sputnik
Куурду орнотуу иштери 1958-жылы Чыгыш Европа өндүрүшүнүн мунайга муктаждыгынан улам башталган. Нефть түтүгүн тартуу чечимин Экономикалык аз ара кеңештин өлкөлөрү: СССР, Венгрия, Германия, Польша жана Чехословакия кабыл алган. Түтүктөрдү алгач Германиядан сатып алып турушкан, бирок келишим түзгөн ишканага америкалыктар дайым басым кыла беришкен. Жаралган маселени челябинскилик жумушчулар чечкен, тагыраагы, алар зарыл болгон диаметрдеги түтүктөрдү жасоону өздөштүрүп, өздөрү чыгара баштаган.
Мунайдын экспорттук түрү — легендалуу Urals деп таанылган Урал аралашмасы "Дружбанын" арты менен жаралган.
Бул мунай куурун узундугунан улам Гиннестин рекорддор китебине киргизишкен.