Бишкекте Кыргыз-Россия билим форуму аяктады. Жыйынтыгы

Бишкекте Кыргыз-Россия билим форуму аяктады. Ал кечээ, 14-октябрда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде башталган.
Sputnik
Форумдун алкагында билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча 30 сессия өттү. Катышуучулар жасалма интеллект, орус тилин үйрөнүү, квалификацияны жогорулатуу жана башка багыттар боюнча тажрыйба алмашты. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу ЖОЖдор ортосунда консорциум түзүү боюнча келишимдерге кол коюлганын белгиледи.
"Бүгүн биз медициналык жана айыл чарба университеттеринин консорциумун түзүү боюнча келишимге кол койдук. Бул — абдан жакшы жетишкендик. Кыргыз улуттук агрардык университети менен Россия элдеринин достугу университетинин (РЭДУ) ортосунда кайрадан айыл чарба багытында келишим түзүлдү. Анткени РЭДУнун долбоорлорду ишке ашырууда жакшы тажрыйбасы бар. Бул платформа туруктуу жана институционалдык болуп калышы керек, башкача айтканда, бир жолку иш-чара эмес", — деди Абазбек уулу.
Кыргызстандын 34 жана Россиянын 40 университети катышкан форумдун алкагында "Россиядан билим алуу – сиздин ийгилигиңиздин ачкычы" аттуу көргөзмө да уюштурулган. Иш-чаранын жыйынтыгында 10дон ашык келишимге кол коюлду.
Уюштуруучулар: КР Билим берүү жана илим министрлиги, Россотрудничество. Аларды Кыргызстандын министрлер кабинети, Россиянын президентинин администрациясы колдоого алган.
Тема боюнча:
Москвада жана Санкт-Петербургда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт