Бишкектин чок ортосундагы көчөлөр саат 23:00гө чейин жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкектин борбордук көчөлөрү болжол менен саат 23:00гө чейин жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Чектөө Кыргызстан менен Түндүк Кореянын футбол боюнча курама командаларынын 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка карата тандоо турниринин алкагында өтө турган беттешине байланыштуу киргизилди.
Төмөнкү көчөлөр жабылды:
Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Футбол: Кыргызстандын өспүрүмдөр командасы Азия кубогуна тандоо оюндарын өткөрөт