66 күн суу үстүндө жүрүп аман калган кишини Охот деңизинен тирүү табышты

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ичиндеги кишилери менен эки жума мурда жоголуп кеткен кайыктан кечээ бир адамды аман табышты. Бул туурасында Ырааккы Чыгыштын транспорт прокуратурасынын маалыматында айтылат.
9-августта эки киши жана алардын биринин 15 жаштагы уулу деңизге кетип, көп өтпөй алар менен байланыш таптакыр үзүлгөн.
"Эки адам каза таап, бирөө тирүү калган. Ага учурда медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Прокуратура мындай жагдай кандайча жаралып калганын териштирип жатат", — деп айтышкан ведомстводон.
Тирүү табылганы үч кишинин кимиси экени так айтылган эмес.
Камчаткада туристтер бараткан тик учак кулады. Видео