БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Шаршембиде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кар жаайт, айрым жерлерде үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө 3…8, Талас облусунда 1…6, Нарын өрөөнүндө 4…9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 9…14, Ысык-Көл жеринде 6…11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 5…7, Ош шаарында 12…14 градусту көрсөтөт.