Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Эгембердиев интимдик сүрөт, видео тараткандарга катаал жаза колдонууну сунуштады. Мындай пикирин ал Укук тартиби боюнча комитет интернеттеги жалган жалаа жана мазактоо үчүн ири өлчөмдө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айткан. Натыйжада аталган комитетте мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Болгону айрым эл өкүлдөрү мыйзамды кийинки окууга дагы толуктап келүү зарылдыгын айтышты. Эгерде мыйзам учурда сунушталган бойдон кабыл алынса, анда соцтармакта бирөөнү мазактаган, жалган маалымат тараткан адам 100 миң сом айыпка жыгылат.
Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылында болгон сел боюнча кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун прокуратурасы Арстанбап айылында болгон селдин себептери боюнча текшерүү жүргүзгөн. "Анын жүрүшүндө Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары 2006-2019-жылдар аралыгында суу коргоо зонасындагы 15 жер тилкесин мыйзамсыз менчикке бергени аныкталган. Андан соң Арстанбап-Сай дарыясынын жээгинде бир катар соода объектилери курулган", — деп айтылат маалыматта.23-июлда Арстанбапты сел каптап, ички чарбалык жолдор талкаланып, имараттарды, соода объектилерин жана турак жайларды суу алып, аймакта өзгөчө кырдаал түзүлгөн. Натыйжада мамлекетке жана жеке жактарга 24 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Бишкекте Кыргыз-Россия билим форуму аяктады. Ал кечээ, 14-октябрда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде башталган. Форумдун алкагында билим берүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча 30 сессия өттү. Катышуучулар жасалма интеллект, орус тилин үйрөнүү, квалификацияны жогорулатуу жана башка багыттар боюнча тажрыйба алмашты. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу ЖОЖдор ортосунда консорциум түзүү боюнча келишимдерге кол коюлганын белгиледи.Кыргызстандын 34 жана Россиянын 40 университети катышкан форумдун алкагында "Россиядан билим алуу – сиздин ийгилигиңиздин ачкычы" аттуу көргөзмө да уюштурулган. Иш-чаранын жыйынтыгында 10дон ашык келишимге кол коюлду.
АКШ президенти Жо Байден дүйнө өзөктүк куралдан биротоло баш тартышы керектигин, Америка Россия, Кытай жана Түндүк Корея менен ушул багытта сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Анткен менен өлкө башчысы АКШ өзүнүн өзөктүк арсеналын бекемдөө үчүн канча каражат жумшап жатканын айткан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Байден "өзөктүк арсеналды кыскартуу процессине жолтоо болуудан" жогорудагы мамлекеттер пайда таппай турганын белгилеген. АКШ президенти билдирүүсүн Нобель сыйлыгын тапшырууга байланыштуу жасаганы айтылды. Буга чейин 2024-жылы сыйлык Хиросима менен Нагасакини бомбалоодон кийин аман калган "Нихон Хиданкё" уюмуна бериле турганы белгилүү болгон.