Өлкөдө эмчек рагы жашарып баратат — өспүрүм кыздардан да аныкталып жатабы?

Sputnik
Өлкөдө жыл сайын 700дөй аялдан эмчек рагы аныкталат. Бул илдет жашарып баратат. Өспүрүм кыздардан да аныкталган учур катталды. Эмчек рагынан тышкары аялдардын арасында жатын моюнчасынын рагы да көбөйүүдө. Аталган оорулардын пайда болушунун бир нече факторлору бар. Бейтап алгачкы белгилерди байкаганда эле дароо дарыгерге кайрылуусу зарыл. Антпесе, оору өтүшүп, дарылоо кыйын болуп калат. Аягы өлүм менен бүтүшү ыктымал. Рак орууларын алдын алуу үчүн аялдар 18 жаштан баштап жылына бир жолу маммологго, гинекологго барып текшерүүдөн өтүп турушу керек.
Азыркы тапта жаш кыздардын өзүлөрү барып, профилактикалык текшерүүдөн өтүп жатканы кубандырарын Улуттук онкология жана гемотология борборунун дарыгери Назик Зайырбекова маалымдады.