Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Исламабад шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Ал Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф жана Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле минкаб башчысы 16-октябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат.
Бишкектин борбордук көчөлөрү болжол менен саат 23:00гө чейин жабылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди. Чектөө Кыргызстан менен Түндүк Кореянын футбол боюнча курама командаларынын 2026-жылга карата Дүйнөлүк чемпионатка карата тандоо турниринин алкагында өтө турган беттешине байланыштуу киргизилди. Футбол беттешине байланыштууТоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды.
Эски долларлар жүгүртүүдөн чыгарылды деген маалымат жалган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Эскерте кетсек, "ак" доллар колдонуудан чыгарылып, коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар бул валютаны кабыл албайт деген маалымат тараган. "Улуттук банктын башка өлкөлөрдүн валюталарын, анын ичинде АКШ долларларын жүгүртүүдөн алууга укугу жок. Ошондой эле банктар жана акча алмаштыруучу жайлар төлөм каражаты статусун жогото элек валютанын наркына, чыгарылган жылына жараша ар кандай баа белгилей албайт", — деп айтылат башкы банктын тараткан билдирүүсүндө. Белгилей кетсек, эл арасында "ак" доллар деп 1996-2006-жылдары чыгарылган АКШ долларын аташат, анткени бул банкноталар агыш түсү менен айырмаланып турат.
КРСУнун ректору Сергей Волков Россиянын илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди. Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы илим жана жогорку билим берүү тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду. Вакунов КРСУнун орус-кыргыз мамилелерин чыңдоодогу маанилүү ролун белгиледи. Ал университет өлкөлөр ортосундагы маданий жана илимий тажрыйба алмашуу аянтчасы экенин айтты.
Жамааттык Батыш менен Украина лидерлигинин мыйзамдуулугунан ажыраган Владимир Зеленскийге тынчтык сүйлөшүүлөр кийинки чабуулга чейин күч топтоп алуу үчүн керек. Бул туурасында Экономиканын жогорку мектеби улуттук изилдөө институтунун дүйнөлүк экономика жана саясат факультетинин илимий жетекчиси Сергей Караганов РИА Новостиге айтып берген.Буга чейин Washington Post Украинанын согуштагы позициясы алсырап бара жаткандыктан Владимир Зеленский Россия менен кепке келүү маселесинде бир топ ачык болуп бара жатканын жазган. Анткен менен РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров украин чатагын жөнгө салуу боюнча колго илинерлик сунуштар түшпөгөндүгүн айткан эле. Эксперт чатакты бүтүрүү үчүн бир эле ыкма бар экендигин, ал Украинаны толук жеңип, Россия койгон шарт менен тынчтыкка келип, андан сырткары, Батышты стратегиялык жактан чегиндирүү экендигин айткан.