КРда Советтер Союзу менен кошо ураган өзөктүк медицинаны Росатом жандантты. Эмнелер ишке кирди?

Sputnik
Кыргызстанда өзөктүк медицина борборун жандандыруу пландалып жатканын "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын республикадагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов билдирген эле. «Спутниктен сүйлөйбүз» программасынын алкагында өзөктүк медицина бөлүмүнүн дарыгери учурда сөөктөгү метаздаздарды изилдөө иштери жүрүп жатканын айтты.
Эл аралык «Мегатэ» уюму жана «Росатом» мамлекеттик корпорациясы менен биргеликте үч тараптуу меморандум түзүлгөнүн Дүйшөнбек Нурдинов билдирди.
СССР кулагандан кийин бул тармак өлкөдө иштебей калган. "Росатом" Улуттук онкология жана гематология борбору, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте өзөктүк медицина бөлүмүн кайрадан ишке киргизмек.