Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
ӨКМ ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу жаралганын эскертти. Маалыматка ылайык, мындай божомол 15-октябрдан 17-октябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу болууда. "Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-135-чакырымындагы Төө-Ашууда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт", — деп айтылат эскертүүдө. Ошондой эле министрлик жолдорго муз тоңуп, тайгак болорун, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл экенин кошумчалаган.
Афганстандагы этникалык кыргыздарга медициналык жана ветеринардык дары-дармек жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, гуманитардык миссияны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жетектеп барган. Ал Бадахшан провинциясынын губернатору менен этникалык кыргыздардын жашоо шартын, социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды жана алдыдагы пландарды талкуулаган.
"Манас" эпосунун үчилтигинин классикалык варианттары болуп манасчылар Сагынбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттары саналат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги демилгелеген. Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунда "Манас" эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу боюнча дагы норма камтылган. "Мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка түрлөрүндө турган объектилердин жана алар тарабынан чыгарылуучу продукциянын аталыштарында "Манас" эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын пайдаланууга министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте уруксат берилет", — деп жазылган мыйзам долбоорунда. Ошондой эле документте манасчы жана интеллектуалдык мурас түшүнүктөрү чечмеленген.
Республика боюнча 477 көмүр базасы ачылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 10 көмүр кампасы ачылып, анда көмүрдүн тоннасы орточо 5200-6300 сомдон аныкталган. Ал эми Ош шаарында 21 пункт ачылып, көмүр 6500-7000 сомдун тегерегинде аймактын алыстыгына жараша аныкталган.Эске салсак минкаб 15-сентябрдан тарта үч айга көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизген.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясына Ирандын аскердик объектилерине сокку урууга даяр экенин билдирген. Бул туурасында РИА Новости Washington Post басылмасына таянып жазды. "Израилдин премьер-министри Нетаньяху Байдендин администрациясына Ирандын мунай же өзөктүк эмес, аскердик объектилерине сокку урууга даяр экенин билдирген", — деп жазылган атын атагысы келбеген аткаминердин айтканына таянып берилген маалыматта. Буга чейин РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия МАГАТЭнин баалоосуна таянып жатканын билдирген. Анда Иран өзүнүн тынчтык максаттагы өзөктүк өнүктүрүү программасын аскердик багытка өткөрүүгө аракет кылбагандыгы, бирок Ирандын өзөктүк объектилерине кол салуу олуттуу, кооптуу чагым болуп калары айтылган.Эске салсак, 2024-жылдын 1-октябрында кечинде Иран Израилге 200дөн 500гө чейин ракета учурган. Муну коргонуу деп аташкан.