Табият менен таттуу мамиледе болуу – дары чөптөрдү терүүгө кирген тыюу кандай натыйжа берди?

Sputnik
Жазында министрлер кабинетинин токтому менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга, мораторий кирген. Алар макротомия, арнебия, ясенец, аконит жана афлатун пиязы. Анткени бул чөптөр элдик медицинада дары катары колдонулгандыктан коммерциялык максатта өтө көп өлчөмдө терип саткандар арбыган. Жыйынтыгында аталган өсүмдүктөр жок болуп кетүү коркунучуна кептелген. Буга байланыштуу аталган беш чөптү чогултууга тыюу кирген. Мораторий киргенине 3-4 ай болуп калды. Бул нерсе кандай натыйжа берди жана аталган өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгү келечеги тууралуу бул берүүдө кеп кылдык.
Биздин суроолорубузга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Чынара Карыбаева жооп берди.