Запорожьени Кызыл армия фашисттерден кантип бошоткон. Тарыхый видео

Запорожьенин бошотулушу Кызыл армияга Днепрдеги плацдармдарды кеңейтүүгө, Кривой Рог аймагына багыт алууга, Мелитополдогу немецтердин тылына жакындап, Крымдагы улутчулдарды изоляциялоого жол ачкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. 1943-жылдын 14-октябрында советтик жоокерлер Запорожьени немецтик баскынчылардан бошоткон. Тарыхый күндү Sputnik Ближнее зарубежье эске салып, видеосун жарыялады.
...Улуу Ата Мекендик согуш ортосунан ооп калган жылы күзүндө фронт Днепрди көздөй тездик менен жылган эле. Сентябрда советтик армия Запорожье облусуна кирсе, октябрда региондун борборуна жакын келип, 13-октябрда Кызыл армия шаардын четине жакындаган.
14-октябрдын түнүндө жасалган чабуул немецтер үчүн күтүүсүз болду. Артиллериялык аткылоодон кийин Кызыл армия сокку ура баштаган. Сиренанын ачуу үнү, прожекторлор... Немецтер артка чегине баштайт. Эртеси эле советтик жоокерлер Днепрдин суусунан ууртап-татып отурушат.
СССР армиясынын ай-буйга келбеген чабуулунан улам немецтер ДнепроГЭСти жардырып кетүүгө жетишкен эмес. Советтик чалгынчылар менен саперлор жарылуучу түзүлүштөрдү убагында зыянсыздандыра алышкан.
Запорожьенин бошотулушу Кызыл армияга Днепрдеги плацдармдарды кеңейтүүгө, Кривой Рог аймагына багыт алууга, Мелитополдогу немецтердин тылына жакындап, Крымдагы улутчулдарды изоляциялоого жол ачкан.