ЕАЭБдеги изилдөө: товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына ишеним жогору

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө социологиялык изилдөө жүргүзүлүп, сурамжылоого миңден ашык адам катышкан. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан билдиришти.
Кыскача жыйынтыктар:
респонденттердин 65 пайызы ЕАЭБдин жалпы рыногунан товарларды сатып алып, кызмат көрсөтүүлөрдү колдонушат. Мунун көпчүлүгү кийим-кече, бут кийим жана текстиль (үлүшү 33 пайыз);
керектөөчүлөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана коопсуздугуна ишеним артышат (респонденттердин 67 пайыздан ашыгы биримдикте тиешелүү талаптар сакталарын белгилешкен);
сурамжылоого катышкандардын 60 пайыздайы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы абалга оң баа беришет (56 пайыздан ашыгы мамлекеттик органдардын бул багыттагы натыйжалуу ишин белгилейт, ал эми 35 пайызга жакыны керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна туш болгон).
ЕАЭБде масштабдуу санариптик долбоор ишке ашырылууда