Пресс-борбор

Россия Кыргызстанга органдарды трансплантациялоо боюнча кантип жардам берет

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги сентябрда республикага трансплантация системасын жакшыртууга жардам берерин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россия Кыргызстанга органдарды трансплантациялоо тармагын өнүктүрүүгө кантип жардам бере аларын эксперт Геннадий Онищенко "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биокоопсуздугу" видеоконференциясында айтып берди.
Иш-чара Sputnik маалымат борборунда өттү.
22-сентябрда Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга донордук органдарды жана трансплантацияны методикалык, практикалык жактан өнүктүрүүгө, ченемдик-укуктук базаны түзүүгө жардам берерин билдирген.
Онищенко белгилегендей, 2023-жылы президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо тармагын эң жогорку деңгээлге жеткирүү үчүн тийиштүү мыйзамга кол койгон.
"Россияда Шумаков атындагы Трансплантология институту бар, анда жүрөк алмаштыруу боюнча 4,5 миңден ашык операция жасалат. Бул — дүйнөдөгү эң күчтүү көрсөткүчтөрдүн бири. Жүрөктөр Россиядан гана алынбайт, дүйнөлүк тармак бар, органды Европадан да, Америкадан да алып келсе болот. Кыргызстан бул системага кошулса операция үчүн жүрөктөрдү ала алат", — деди эксперт.
Онищенко адам менен келишим түзүлүп, өлгөндөн кийин трансплантациялоо үчүн ички органын керээз кыларын көрсөткөн система бар экенин кошумчалады.
"Ал адам каттоого алынып, текшерүүдөн өтөт. Адамдар трансплантацияны жылдар бою күтүшөт, анткени организмге жакпай калбашы үчүн ылайыктуу донор керек. Маселен, бөйрөгү ооруган бейтаптар операцияны күтүп, жыл сайын гемодиализ алышат. Кыргызстандын бул системага кирип жатканы жакшы көрүнүш", — деди ал.
Бишкекте урологдор акысыз операция жасашууда