БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргыз жоокерлери Тажикстанда өтүүчү "Рубеж —2024" машыгуусуна катышып жатышат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Куралдуу күчтөрдүн 50гө жакын аскер кызматчысы "Кант" авиабазасынан 12-октябрда учуп кеткен.
"Тажикстандын "Харбмайдон" полигонунда Борбордук Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөр менен "Рубеж — 2024" биргелешкен машыгуусунда ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча аскердик аракеттерди даярдоо жана жүргүзүү маселелери иштелип чыгат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле машыгуудагы негизги тапшырма сырткы аскердик агрессиянын мизин кайтаруу жана контртеррордук операцияларды биргелешип жүргүзүү болуп саналары кошумчаланды.