Президент 100 жылдык мааракеге карата юбилейлик белги уюштурууну тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы юбилейлик белгисин уюштуруу жөнүндө" жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгини жана күбөлүктөрдү даярдоого, ошондой эле сыйлоо боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар президенттин фондунан каржыланат.
Даярдоо милдети Президенттин иш башкармалыгына жүктөлдү.
Садыр Жапаров Сельчук Байрактарды кабыл алып Даңк ордени менен сыйлады