Бишкекте жаңы форматтагы "Россия сени менен" аталышындагы борбор ачылды

Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында "Россия сени менен" аталышындагы жаңы форматтагы борбор ачылды.
Sputnik
Россиялык дизайнерлер лекциялар, көргөзмөлөр, талкуу клубдарынын чогулуштары жана тематикалык сабактар, мастер-класстар үчүн ыңгайлуу шарт түзүштү. Бул иш-чаралардын баары өсүп келе жаткан муунга багытталмакчы.
Жыл соңуна чейин борбордо россиялык окумуштуулар, мугалимдер жана заманбап окуу куралдарын иштеп чыгуучулар мектеп окуучулары, мугалимдер үчүн физика, биология, робототехника боюнча мастер-класстарды өткөрөрү пландалууда. Ошондой эле балдардын илимий эксперименттеринин фестивалы болот.
Россотрудничество борборду заманбап эмеректер менен жабдыган. 12 жашка чейинки балдар үчүн үн китептери жана өзгөчө калемдер, электрондук такталар, интерактивдүү стол жана конструктору бар оюн аянтчасы бар.
Борбордун ачылышына маданият министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов, китепканачылар, мугалимдер, ошондой эле мекендештер кыймылынын лидерлери катышты.
Шевцов белгилегендей, борборду түзүү идеясы Россотрудничествого таандык.
“Жаш муунда кызыгуу канчалык көп болсо, ошого жараша жаңы технологиялар жеткиликтүү болот. Борбордун жаш коноктору ким болгусу келгенин түшүнүп, ошол боюнча багыт алышат”, — деди Шевцов.
Тема боюнча:
Бишкекте Кыргыз-Россия билим берүү форуму өтүүдө. Видео