Министрлик Кыргызстан менен Россиянын алакасындагы негизги аспектилерди атады

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Кыргыз-Россия билим берүү форумунда эки өлкөнүн кызматташуусу кайсы аспектилерге негизделгенин айтып берди.
"Биз жогорку билим берүүнүн орчундуу маселелерин жана анын азыркы шарттагы ордун талкуулоо үчүн чогулдук", — деген ал.
Абазбек уулунун айтымында, өз ара алаканын негизги багыттары болуп жалпы эмгек рыногунда ийгиликтүү иштеп кеткен адистерди даярдоо саналат.
"Биз билимге эле эмес, анализдөө, маалымат менен иштөө жана тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө аралашып кете алган адистерди даярдашыбыз керек. Россиянын да, Кыргызстандын да экономикасынын талаптарына жооп берген программалардын иштелип чыгуусу зарыл. Бул контекстте Россия менен кызматташуу өзгөчө актуалдуу болуп турат", — деди министрдин орун басары.
Ал эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары буга чейин үч ирет өткөн ректорлордун форуму сыяктуу алака-байланыштын тажрыйбасына ээ экенин белгиледи.
"Учурда кош диплом жана студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү программасын киргизүү ЖОЖдор арасындагы байланышты өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Бул билим алып жаткандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн шарттайт", — деди Абазбек уулу.
Бүгүнкү күндө россиялык жогорку окуу жайларда 15 миңден ашуун кыргызстандык окуйт, анын 7 миңден көбү бюджеттик негизде билим алат.
Байсалов: кыргыз эли бизден Россияга жакын болууну талап кылууда