Ташиев кошуна өлкөлөр менен чек ара маселеси толук чечилерин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Баткен чек ара маселеси чечилген коопсуз аймак болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун 25 жылдык мааракесине карата өткөн илимий-практикалык конференцияда билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчынын саясаты менен Баткен облусу коопсуз аймакка айланууда.
"Чек ара маселелери чечиле баштады. Жакынкы аралыкта кошуналарыбыз менен чек ара толугу менен чечилет. Мурдагыдай чек ара (чийини) белгисиз болбой, мыйзамдын чегинде баарын чечип, өз жерибизди көздүн карегиндей сактаганга мүмкүндүк түзүлөт", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал облуста инфрастурктураны жакшыртуу мерчемделип жатканын кошумчалады.
Кыргыз аскерлери Тажикстанда ЖККУнун машыгуусуна катышып жатышат