Телефон алдамчылары колдонгон атайын аппаратура алынып, шектүү кармалды

Алдамчылар чет өлкөдөн кыргыз жарандарына телефон чалып, ири суммадагы акча алып жүрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкектеги батирлердин биринен телефон алдамчылары колдонгон атайын аппаратуралар алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
1 / 3

Бишкектеги батирлердин биринен телефон алдамчылары колдонгон атайын аппаратуралар алынды

2 / 3

Маалыматка ылайык, атайын СИМ-бокс аппаратурасы эл аралык чалууларды жергиликтүү чалууларга окшоштуруп колдонууга ыңгайлаштырылган. Аталган аппарат менен кошо 120 сим-карта дагы алынганы айтылды

3 / 3

Кылмышка тиешеси бар делип Т.К. аттуу жаран кармалган

Маалыматка ылайык, атайын СИМ-бокс аппаратурасы эл аралык чалууларды жергиликтүү чалууларга окшоштуруп колдонууга ыңгайлаштырылган. Аталган аппарат менен кошо 120 сим-карта дагы алынганы айтылды.
Кылмышка тиешеси бар делип Т.К. аттуу жаран кармалган.
"Алдамчылар чет өлкөдө туруп СИМ-бокс колдонуу менен кыргыз жарандарына телефон чалып, ири суммадагы акча алып жүрүшкөн. Жыйынтыгында кармалган Т.К. аттуу чет өлкөлүк жаран борбордогу батирлердин биринде көзөмөл жүргүзгөн адамдардын көрсөтмөсү менен белгилүү бир убакта СИМ-бокс аппаратын туташтырып, өзүнүн кызматы үчүн жакшы суммадагы акча алып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле алдамчылар Улуттук банк жана ИИМ кызматкеринин жасалма күбөлүгүн колдонуп жүргөнү кошумчаланды.
Сак болуңуз! Шылуундар соцтармакта Улуттук банктын атынан акчалай сыйлык сунуштоодо