БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча U-17 курама командасы Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн беттештерди өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Оюндар 21-27-октябрь күндөрү Вьетнамдын Вьетчи шаарында болмокчу.
"Игорь Никитиндин жетекчилиги алдында Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы "I" тайпасында Мьянма, Йемен жана вьетнамдыктар менен беттешет", — деп айтылат маалыматта.
Тандап алуу оюндарга жалпысынан 43 курама команда 10 тайпага бөлүнүп катышат.