Байсалов: кыргыз эли бизден Россияга жакын болууну талап кылууда

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргыз эли бизден өлкө жетекчилиги катары стратегиялык өнөктөшүбүз Россияга жакын болууну талап кылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз-Россия билим берүү форумунда билдирди.
Ал форумдун ачылышын жакшы жышаан деп атады, анткени 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү чечими кабыл алынган.
"Бул маанилүү окуя, анын Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгында өтүп жатканы бекеринен эмес. Бүгүн Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү келишти. Бизде кайрадан курулуш күч алып, байланыштар бекемделип, университеттерибиз жанданып жатат. Келечекте энергетика, медицина, билим берүү жана башка тармактарыбыз жогорку квалификациялуу адистерге муктаж болот. Аларды даярдоого тийишпиз, бизге Россия тарабынан чоң колдоо көрсөтүлүүдө", — деди Байсалов.
Ал акыркы төрт жылда Кыргызстандын экономикасы кескин көтөрүлүп, республика илбирс секирик жасоого даярданып жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте Кыргыз-Россия билим берүү форуму башталып, ага Россиянын 40тан ашык жогорку окуу жайынан коноктор келген.
Пресс-борбор
Россия Кыргызстанга органдарды трансплантациялоо боюнча кантип жардам берет