БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы №1 мектепте жаңы корпус курулат. Бул тууралуу РФтин Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алёна Аршинова билдирген.
Парламентарий Кыргызстанга келип, Баткен облусунун 25 жылдыгына карата бир катар курулуш иштерин каржылоого сертификаттарды тапшырган.
"Советтер Союзунун Баатыры, илимпоз жана аскер адамы Дмитрий Карбышев атындагы мектептин 30дан ашык классы жана спорт залы заманбап шарттар менен жабдылат. Мектептин айланасында спорттук аянтчалар курулуп, окуучулар жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт", — деген Аршинова.
Ошондой эле "Евразиялык лицей" долбоорунун алкагында Раззаков шаарындагы борбордук стадион жана спорт залдын курулушу аяктай турганы белгилүү болду.
Мындан тышкары, жакында Россиядан жаш мугалимдер келип, мектептерде орус тилинде сабак өтө башташарын кошумчалады.