"Кыргызстан улуттук электр тармагынын" жетекчисинин орун басары үй камагына чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. "Кыргызстан улуттук электр тармагынын" жетекчисинин орун басары Аскат Абылаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 8-октябрдагы Биринчи май райондук сотунун чечиминде айтылган.
Маалыматка ылайык, сот ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын жетекчисинин орун басары Аскат Абылаевдин кармалганы 7-октябрда белгилүү болгон. Ал мамлекетке ири суммада чыгым келтиргени белгиленген.
"Тазалык" ишканасында 7,1 миллион сом коромжу болуп, иш козголду