ӨКМ: бийик ашуулардагы жолдор жазга чейин жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бийик тоолуу унаа жолдору жазга чейин жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим өзгөчө кырдаалды алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында кабыл алынган.
"Чаткал жана Сузактын акимдеринин буйругу чыгарылып, 2025-жылдын жаз мезгилине чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун Кара-Буура ашуусундагы каттамы жана Жалал-Абад — Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусундагы жол эки тараптуу жабылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик айдоочуларга шашылыш эскертүүлөргө маани берүүнү өтүндү.
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы