Казакстанда бычакталган 16 жаштагы өспүрүм. Шаарга Улуттук гвардия киргизилди

Буга чейин бала атасына болушуп бычак жеп каза болгону кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. 16 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин Казакстандын Талгар шаарынын көчөлөрүндө Улуттук гвардия патруль жүргүзө баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, көрүлгөн чаралар коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого багытталган.
4-октябрга караган түнү Талгарда 16 жаштагы өспүрүм атасынын көзүнчө өлтүрүлгөн. Маалыматтар боюнча, топ киши маркумдун атасынын дүкөнүнөн сыра алып, төлөбөй коюшкан. Дүкөндүн кожоюну менен кардарлардын ортосунда чыр чыгып, өспүрүм атасына болушкан. Мушташ учурунда өспүрүмдүн жүрөк, өпкө тушуна бычак сайышкан. Бала ата-энесинин көзүнчө үзүлгөн. Маркумдун атасы шектүүлөр бычак, мылтык менен куралданганын жана 13 киши болгонун айткан.
Ал эми 12-октябрь түнү Енбекшиказах (Эмгекчи-Казак) районунун Азат айылында маркумдун үй-бүлөсүнө таандык үй өртөнүп кеткен. ӨКМ эч ким жабыр тартпаганын билдирген. Полиция өрт атайын коюлган деген шек менен иш козгогон, ал Казакстандын башкы прокурорунун көзөмөлүндө.
Бокс залындагы атышуудан жаракат алгандардын абалы айтылды