БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн биологиялык активдүү кошулмаларды (БАК) маркалоонун бирдиктүү стандарттарын киргизүү боюнча чечими эмнеге пайдалуу экенин эксперт Геннадий Онищенко айтып берди.
Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биокоопсуздугу" видеокөпүрөсүндө сүйлөдү.
Жаңы эрежелер биологиялык кошулма катары катталган тамак-аштын кеңири спектрин камтыйт. Санарип маркалоо керектөөчүлөргө бул кошулмалардын аныктыгын текшерүүгө жана маалымат алууга мүмкүндүк берет.
"Көптөгөн биологиялык кошулмалар керек болсо катталган эмес, бирок рынокто сатылууда. Алар чындап эле жакшы нерсе болушу мүмкүн, бирок ошентсе да мамлекет текшерип, каттоодон өткөрүшү керек. ЕАЭБдин ички индустриясы өнүгүшү үчүн бул рынокту жөнгө салуу зарыл. Биздин рынокко Батыштын продукциялары кирип жатат, бирок сапаты кандай экени белгисиз. Ар бир БАК эми мамлекеттик каттоодон өтүшү керек. Анда каражат качан жана кандай максатта колдонулары так жазылат", — деди эксперт.