Радио

Быйыл биринчи жолу Ысык-Көлдө кызылча айдалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов быйыл алгачкы ирет Ысык-Көлдө кант кызылчасы айдалганын айтты.
Sputnik
Ысык-Көл облусуна сынамык иретинде 58 гектар жерге кант кызылчасын айдап көрдүк. Бул тууралуу Туратбек Идрисов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Ысык-Көлдөгү кант кызылчасынан 2000 тонна түшүм алуу күтүлүүдө.

"Кант кызычасы негизинен Чүй облусунда өстүрүлөт. Быйыл жамгыр көп жаап, сугат саясатын эффективдүү жүргүзгөндүктөн түшүм жакшы болду. Жалпы республикалык керектөөнүн 92 пайызын жаба турган түшүм алынат деп божомолдодук. Соңку жылдары Чүй эле эмес, Талас облусунда да кант кызылчасы айдалууда. Быйыл 580 гектар жерге себилген. Учурда дыйкандар түшүмүн жыйнап жатат. Мындан сырткары, сынамык иретинде 58 гектар жерге Ысык-Көл облусуна да биринчи ирет быйыл кант кызылчасын сээп көрдүк. Жыйынтыгы жаман эмес. 2000 тонна түшүм алууну күтүп жатабыз. Аны заводдун Кеминдеги кант кызылчасын чогулткан пунктуна чейин жеткирүү маселеси бар. Мында жол чыгымынын 30 пайызын завод төлөп берет, калганы дыйкандардын чөнтөгүнөн кетет", — деди Идрисов.

Ал республикада кант кызылчасын айдоо жылдан-жылга көбөйгөнүнүн себебин өндүрүлгөн түшүмдүн толук сатылып жатканы менен түшүндүрдү.