Баркы жок жүндү баалуу товарга айланткан ишкер айым

Sputnik
Бегимжан Молдобаева, ишкерге таандык бир чети кызыктуу, бир жагынан түйшүктүү жолду басып өткөн. Борбор калаа Бишкекте мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, турмуштук кырдаалга байланыштуу кичи мекени Ат-Башыга барып, жергиликтүү эл жок кылуунун жолун издеп жүргөн койдун жүндөрүнөн ар кыл буюмдарды жасап сата баштаган. Ишкердик туюму туура чыгып, көп жылдан бери кийиз буюмдар менен алектенип келет. Азыр жүндөрдү кайра иштетип жер семирткич даяроо менен алек болуп жатат.