Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 40 айыл өкмөткө 450 миң доллар бөлүнөтЭртең Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтКыргыз эли бизден Россияга жакын болууну талап кылууда. Мындай билдирүүнү Эдил Байсалов форумда жасадыАлдыда кененирээкКыргыз эли бизден өлкө жетекчилиги катары стратегиялык өнөктөшүбүз Россияга жакын болууну талап кылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз-орус билим берүү форумунда билдирди. Ал форумдун ачылышын жакшы жышаан деп атады, анткени 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү чечими кабыл алынган. "Бул маанилүү окуя, анын Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгында өтүп жатканы бекеринен эмес. Бүгүн Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү келишти. Бизде кайрадан курулуш күч алып, байланыштар бекемделип, университеттерибиз жанданып жатат. Келечекте энергетика, медицина, билим берүү жана башка тармактарыбыз жогорку квалификациялуу адистерге муктаж болот. Аларды даярдоого тийишпиз, бизге Россия тарабынан чоң колдоо көрсөтүлүүдө", — деди Байсалов.
Евразия экономикалык комиссиясынын ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн биологиялык активдүү кошулмаларды маркалоонун бирдиктүү стандарттарын киргизүү боюнча чечими эмнеге пайдалуу экенин эксперт Геннадий Онищенко айтып берди.Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биокоопсуздугу" видеокөпүрөсүндө сүйлөдү. " ЕАЭБдин ички индустриясы өнүгүшү үчүн бул рынокту жөнгө салуу зарыл. Биздин рынокко Батыштын продукциялары кирип жатат, бирок сапаты кандай экени белгисиз. Ар бир БАК эми мамлекеттик каттоодон өтүшү керек", — деди эксперт.Жаңы эрежелер биологиялык кошулма катары катталган тамак-аштын кеңири спектрин камтыйт. Санарип маркалоо керектөөчүлөргө бул кошулмалардын аныктыгын текшерүүгө жана маалымат алууга мүмкүндүк берет.
15-октябрда Бишкектин батышында муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүүгө Западный суу алгыч жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштери себеп болгон. Саат 9.00дөн 23.00гө чейин Алыкулов, Кустанайская, БЧК көчөлөрү, Ала-Арчой дарыясы, Рыскулов көчөлөрү (Ден Сяопин проспектиси), Интергельпо, темир жол линиясы, ошондой эле Юбилейная көчөлөрү менен чектешкен аймактарда таза суу берүү токтотулат. Горький, Садовая жана БЧК. «Аскер шаарчасы», «Кызыл-Аскер», «110-квартал», «Достук» конуштарында суу болбойт.
2026-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары алкагында эртең,15-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча кыргыз курама командасы менен Түндүк Кореянын курама командасы беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди. Маалыматка ылайык, учурда кореялык футболчулар эки күн мурда Кыргызстанга келишип, машыгып жатышат. Эске салсак, буга чейин Кыргыз курама командасы Доха шаарында Катардын курама командасы менен ойноп, 3:1 эсебинде утулуп калган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 50 тыйынга евро 93 сом 62 тыйынга рубль 88 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 15-октябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 15-октябрь, шейшембиде өрөөндөрдө жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Талас аймагында +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында +12...+17 градус, Нарын жергесинде +10...+15 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +9...+11, Ош шаарында +14...+16 градуска көтөрүлөт.