Иран-Израиль жаңжалы дүйнөлүк экономикага эмнеси менен кооптуу?

Sputnik
Эгер Иран менен Израилдин ортосунда олуттуу тиреш жарала турган болсо бардык мамлекеттер, өзгчө мунай экспорттогон өлкөлөр жабыр тартарын эксперттер айтып келет. Анткени Иран тогуз жолдун тоомунда болгондуктан, деңиз аркылуу өткөн жолго таасири чоң. Муну жакшы түшүнгөн Европа өлкөлөрү араб мамлекеттеринин мунайынан куру-жалак калуудан чочулап Израилге анчейин салкын мамиле кылууда десек да болот. Бирок Израилди дайыма экономикалык жактан колдоп келген АКШнын пикири кандай? Бардык жерде жаңжалдардан пайда көрүүнү максат кылган штаттар өлкөсү президенттик шайлоосунан кийин кандай багытты карманат? Канчалык экономикалык жактан күчтүү болгону менен көз карандылыктан да кете албаган израилдин максаты эмне? Мунун кесепети дүйнө экономикасына кандай таасир берет?
Алдыдагы мүнөттөрдө экономист Улукман Мамытов менен ушул теманын алкагында маек курабыз.