Органикалык азык-түлүктү камсыздоо жаатында Кыргызстанга кандай механизмдер керек?

Sputnik
Эл аралык органикалык айыл чарбанын аныктамасы боюнча органикалык айыл чарба өзүнчө система экенин Бермет Журупова «Ачык кеп» программасынын алкагында билдирди. Анда алар топурак кыртышын, ошондой эле экосистеманы, дегеле элге зыян келтирбөөнү түзүүчү система. Ал эми органикалык азык-түлүк — бул химиялык пестициддерди, геномодифицирленген уруктарды жана ар кандай химияларды колдонбой өстүргөн азык-түлүк. Азыр ар кандай жер семирткичтерди, пестициддерди көп колдонуп жатабыз. Бул жерлерди деградацияга алып келип жатканын эксперт белгиледи. Бул үчүн бизде текшерген лабораториялардан баштап, көзөмөлдөгөн адистерге чейин камтылган кадимкидей механизмдер керек.
Ал эми изилдөөчү Марал Сагыналиева Кыргызстан өзүнүн органикалык брендин калыптандырса каржылык жактан да жеңил болмоктугун билдирди.