Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Телефон алдамчылары колдонгон атайын аппаратура алынып, шектүү кармалдыАКШ Россия, Кытай жана КЭДР менен өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүгө даярРоссиялык уюм Баткендеги бир катар курулуштарды каржыламай болдуАлдыда кененирээк Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы №1 мектепте жаңы корпус курулат. Бул тууралуу РФтин Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алёна Аршинова билдирген. Парламентарий Кыргызстанга келип, Баткен облусунун 25 жылдыгына карата бир катар курулуш иштерин каржылоого сертификаттарды тапшырган. "Советтер Союзунун Баатыры, илимпоз жана аскер адамы Дмитрий Карбышев атындагы мектептин 30дан ашык классы жана спорт залы заманбап шарттар менен жабдылат. Мектептин айланасында спорттук аянтчалар курулуп, окуучулар жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт", — деген Аршинова. Ошондой эле "Евразиялык лицей" долбоорунун алкагында Раззаков шаарындагы борбордук стадион жана спорт залдын курулушу аяктай турганы белгилүү болду. Мындан тышкары, жакында Россиядан жаш мугалимдер келип, мектептерде орус тилинде сабак өтө башташарын кошумчалады.
Бишкектеги батирлердин биринен телефон алдамчылары колдонгон атайын аппаратуралар алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.Маалыматка ылайык, атайын СИМ-бокс аппаратурасы эл аралык чалууларды жергиликтүү чалууларга окшоштуруп колдонууга ыңгайлаштырылган. Аталган аппарат менен кошо 120 сим-карта дагы алынганы айтылды. Кылмышка тиешеси бар делип Т.К. аттуу жаран кармалган. "Алдамчылар чет өлкөдө туруп СИМ-бокс колдонуу менен кыргыз жарандарына телефон чалып, ири суммадагы акча алып жүрүшкөн. Жыйынтыгында кармалган Т.К. аттуу чет өлкөлүк жаран борбордогу батирлердин биринде көзөмөл жүргүзгөн адамдардын көрсөтмөсү менен белгилүү бир убакта СИМ-бокс аппаратын туташтырып, өзүнүн кызматы үчүн жакшы суммадагы акча алып жүргөн", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле алдамчылар Улуттук банк жана ИИМ кызматкеринин жасалма күбөлүгүн колдонуп жүргөнү кошумчаланды.
Тоголок Молдо менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеден чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.Жерине 8:30да өрт өчүрүүчүлөрдүн үч бригадасы жөнөтүлгөн. 8:57де жалын чектөөгө алынып, саат 11:01де толук өчүрүлгөн. Маалымат боюнча, өрт жалмаган аянт 350 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.
АКШ президенти Жо Байден дүйнө өзөктүк куралдан биротоло баш тартышы керектигин, Америка Россия, Кытай жана Түндүк Корея менен ушул багытта сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Анткен менен өлкө башчысы АКШ өзүнүн өзөктүк арсеналын бекемдөө үчүн канча каражат жумшап жатканын айткан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Биз ааламды биротоло өзөктүк куралдан арылта турган күнгө умтула беришибиз керек. Кошмо Штаттар өзөктүк кооптуулукту азайтуу үчүн Россия, Кытай жана Түндүк Корея менен сүйлөшүүгө даяр", — деп жазылат америкалык лидердин билдирүүсүндө. Байден "өзөктүк арсеналды кыскартуу процессине жолтоо болуудан" жогорудагы мамлекеттер пайда таппай турганын белгилеген. АКШ президенти билдирүүсүн Нобель сыйлыгын тапшырууга байланыштуу жасаганы айтылды.