Мэрия эмнеге жол кирени көтөрүүнү пландап жатат? – ал кантип коррупциялык иштерди алдын алат?

Sputnik
Бишкек мэриясы накталай төлөмдөр үчүн жол кирени көтөрүүнү пландап жатат. Максаты — калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу. Бирок бул демилге талкууну жаратып, сындагандар дагы жок эмес.
Дал ушул талкуу жараткан нерселерге байланыштуу суроолорго "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров жана "Тулпар" долбоорунун операциондук директору Бекжан Акматбеков жооп беришти.