Кыргыз дипломатиясы ашкан ашуулар – Тышкы иштер министрлигине 80 жыл

Sputnik
Быйыл Тышкы иштер министрлиги түзүлгөнүнө 80 жыл болду. Бул бир сүйлөмгө батып, айтылып кеткени менен мунун аркасында жүздөгөн миңдеген кыргыз дипломаттарынын эмгеги, көшөгө аркасында элге көрүнбөгөн көптөгөн күрөш жатат. Бул мааракелүү датага байланыштуу кыргыз дипломатиясынын күңгөй-тескейин кеп кылып, өткөнүнө сереп салып, учурун айтып, келечегин талкуулайлы деп студиябызга Тышкы иштер министринин биринчи орун басары, Асеин Исаевди чакырдык.