Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Батыш бизге Россия менен кызматташуу боюнча көрсөтмө бербеши керек. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити учурунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты. Ага журналист "Батыш КМШ өлкөлөрү Россия менен кызматташуудан баш тартышы керектигин айтышууда. Буга кандай карайсыз?" деген собол узаткан."Бул, албетте, туура эмес. Анткени алар биз Европага барганда бирди сүйлөп, кылганы башка болууда. НАТОго, Евробиримдикке кирип, бирок Россия менен кызматташкан өлкөлөр бар. Ал эми бизге Россия менен кызматташпоого көрсөтмө берип же сураныч кылбашы керек. Биз баары менен алака түзүшүбүз шарт", — деген өлкө башчы. Ал КМШнын мүчөлөрү мурдагы Советтер Союзунун республикалары экенин эске салган.
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан ушул жылдын тогуз ай аралыгында жүргүнчү жана жүк ташыган 520 794 унаа текшерилген. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 150 протокол түзүлгөн. "Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуу эрежелеринин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке тогуз ай ичинде 86 миллион 248 226 сом айып пул түштү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде 44 миллион 906 142 сом жыйналган", – деп айтылат маалыматта. Мекемеден белгилешкендей, текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пунктуларында, станцияларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-августунда 10,6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. Анын айтымында, бул 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9 пайызга көп. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 13,1 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 8,1 пайызга көбөйгөн. «ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-августунда 3,2 млрд долларын түздү жана 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 8,8 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга 71,2 пайыз жана Казакстанга 26,9 пайыз туура келди», — деди ал.
АКШнын вице-президенти жана президенттикке талапкер Камала Харристин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын дарегине карата айткан сөздөрү орунсуз. Мындай пикирин Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто РИА Новости агенттигине билдирген. "Адегенде эле бул чыр тууралуу, менин премьер-министрим тууралуу мындай кепти айтуу – чатак. Бул бир гана премьерди эмес, бүтүндөй венгр элин сыйлабастык", — деп белгилеген ал."Жогорудагыдай кептер сыйлабастыкты билдирет, өзгөчө союздаш өлкөлөр ортосунда андай сөз айтылбашы керек", — деп кошумчалаган министр.Мындан тышка