Радио

Кыргызстандык айдоочулар жүк жана жүргүнчү ташып 41 мамлекетке кирип-чыгат

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Доолетов жүргүнчү, жүк ташыган автоунаалардын ээлери коопсуздукту сактоо керектигин айтты.
Sputnik
Республика боюнча жүргүнчү ташыган 971 коомдук транспорт иштейт. Анын 22си эл аралык каттамда. Бул тууралуу Кеңешбек Доолетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө транспорттук каттамдарды уюштурган 224 ишкана бар.
"Өкмөттүн токтомуна ылайык, жүргүнчү жана жүк ташыган автоунаалардын ээлери эң биринчи коопсуздукту сактоого милдеттүү. Ошондой эле жолоочуну, жүктү белгиленген убагында жеткириши керек. Жүргүнчү ташыган автоунаалардын айдоочулары жумушка кабыл алынарда медициналык кароодон өтсө жолго чыгардан мурда автокөлүгүн техникалык атайын текшерүүдөн өткөрүү талап кылынат. Ал эми жүк ташыган транспорттордун ээлери алыс жолго чыгып жатканда атайын уруксат кагаз алышат. Мындан тышкары, алып бара жаткан жүгүнүн документтери болушу абзел. Оор жүк ташыгандар салмак-габариттик ченемди да сактайт. Антпесек, жолдордун сапатын жоготуп алышыбыз мүмкүн. Жүргүнчү, жүк ташыган автоунааларды тейлеген компаниялар айдоочулардын иштөө жана эс алуу графигин бекитип, көзөмөлдөшү керек. Мисалы, айдоочу бир рейстен келгенден кийин эс алып, андан соң өзүнүн убактысында жолго чыгышы керек. Ошондо жолоочуну, жүктү коопсуз жеткирет. Бул талаптар эл аралык каттамдарга да тиешелүү. Биздин айдоочулар 41 мамлекетке кирип-чыгышат", — деди Доолетов.
Ал ошондой эле өлкөдө жүргүнчү жана жүк ташыган бардык автокөлүктөргө карата рейддик иш-чаралар уюштурулуп турарын кошумчалады.