Нетаньяху БУУну тынчтык орнотуучуларын Ливандан алып чыгып кетүүгө чакырды

Ливанда Бириккен Улуттар Уюмунун 11 миңге чукул тынчтык орнотуучулары жана 48 өлкөдөн келген кызматкерлери бар.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришти согуш оту күйүп жаткан Ливандын түштүк тарабынан уюмдун тынчтык орнотуучуларын алып чыгып кетүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Өкмөт башчы мындай кадам алардын коопсуздугу үчүн жасалды деген жүйө келтирген.

"Мен БУУнун башкы катчысына түздөн-түз кайрылгым келет: Ливандагы тынчтык орнотуучуларды "Хезболланын" таяныч пунктуларынан жана согуш жүрүп жаткан аймактардан чыгарып кетүүгө мезгил жетти. Тынчтык орнотуучуларды кооптуулуктан алыс алып кеткиле. Муну тез арада, кечиктирбестен, азыр жасагыла", — деген Нетаньяху.

Ливанда Бириккен Улуттар Уюмунун 11 миңге чукул аскери, 48 өлкөдөн келген кызматкерлери бар. Алар уюмдун Коопсуздук кеңешинин 1978-жылдын мартындагы резолюциясынын негизинде жайгаштырылган.
1000ден ашуун киши каза болду. Израиль Бейрутту бомбалоону улантууда