Радио

Кожогулов: Кыргызстанда трактор чыгарууга кызыккан инвесторлор көп

Механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов өлкөдө айыл чарба техникаларын чыгаргысы келгендерге мыйзам менен жакшы шарттар түзүлгөнүн айтты.
Sputnik
Кыргызстанда айыл чарба техникаларын чыгарып, экспорттоого жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу Нурланбек Кожогулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 2-3 жолу башка өлкөлөрдүн айыл чарба техникаларын Кыргызстанда кураштыруу аракеттери болгон.
"Биз 2-3 жолу Кытай жана Беларусь тракторлорун кураштыруу өндүрүшүн ачканбыз. Техника чыгаруунун өздүк наркын эсептөө керек. Мисалы, Беларуста бир чыкканда 80-90 миң даана трактор бир заводдон чыгат. Бизде ашып кетсе миң трактор сатылат да, ачылган өндүрүш өзүн актабай калып 2-3 жолу кайра жабылды. Бирок "Кыргыз индустрия" деп аталган мамлекеттик ишкана ачылып, заводдор жанданып, кээ бир жабдыктарды, айрым техникаларды чыгаруу аракети болуп жатат. Айыл чарба техникалары убагы келгенде чыгат. Биз жасап, коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Тажикстан жана ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттошубуз керек. Ошондо өзүн актайт. Кыргызстанда бул багытта иштегендер үчүн мыйзам менен атайын жеңилдиктер каралган. Тилекке каршы, азырынча андай ири инвестор табыла элек, бирок кызыккандар абдан көп", — деди Исаев.