ТИМдин сентябрда чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга көрсөткөн жардамдары. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. ТИМ ушул жылдын сентябрында чет өлкөлөрдөгү мекендештерге кандай жардам көрсөтүлгөнүн жарыялады.
Маалыматка ылайык, өткөн айда миңдеген укуктук консультациялардан тышкары оор жагдайга кабылгандар менен дагы иш алып барылган.
Жасалган иштердин эң орчундуулары:
кыргыз жарандарынын катышуусу менен болгон кырсыктар боюнча 98 консулдук чыгуу уюштурулду;
Гусиноозерск, Пермь, Саянск, Улан-Удэ, Якутск (Россия), ошондой эле Дунгуань (Кытай), Рас-эль-Хайм (БАЭ) шаарларында жайгашкан тогуз түзөтүү мекемелерине консулдук чыгуулар уюштурулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын эркиндигинен ажыратууга соттолгон 23 жараны менен жолугушуулар өткөрүлдү;
Казакстандын жана Россиянын тергөө жайларында кылмыш иштери боюнча кармалган үч кыргызстандык менен консулдук жолугушуулар болду;
консулдук кызматкерлер Россиянын сотторунда жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча 12 отурумга катышты;
18 жаранга административдик жоопкерчиликтен бошотуу/жоопкерчилигин жеңилдетүү маселелери иштелип чыкты;
3 жаранга кылмыш жазаларын жеңилдетүүгө/алардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүлдү;
10 жарандын 1 072 000 сомго жакын төлөнбөгөн эмгек акысы өндүрүлдү;
Бириккен Араб Эмирликтеринде, Казакстанда, Кытайда, Россияда, Өзбекстанда жана Украинада турмуштук оор кырдаалга туш болгон 22 кыргызстандыкка мекенине кайтууга көмөк көрсөтүлдү;
чет өлкөдө каза болгон 10 жарандын сөөгүн репатриациялоого жардам берилди.
Самара шаарында консулдук кызматтарды көрсөткөн тейлөө борбору ачылды