Садыр Жапаров: Батыш бизге Россия менен алака боюнча көрсөтмө бербеши керек

Мамлекет башчы Батыш өлкөлөрү кош стандарттуулук менен иш алып барып жатканына ишарат кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Батыш бизге Россия менен кызматташуу боюнча көрсөтмө бербеши керек. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити учурунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты.
Ага журналист "Батыш КМШ өлкөлөрү Россия менен кызматташуудан баш тартышы керектигин айтышууда. Буга кандай карайсыз?" деген собол узаткан.
"Бул, албетте, туура эмес. Анткени алар биз Европага барганда бирди сүйлөп, кылганы башка болууда. НАТОго, Евробиримдикке кирип, бирок Россия менен кызматташкан өлкөлөр бар. Ал эми бизге Россия менен кызматташпоого көрсөтмө берип же сураныч кылбашы керек. Биз баары менен алака түзүшүбүз шарт", — деген өлкө башчы.
Ал КМШнын мүчөлөрү мурдагы Советтер Союзунун республикалары экенин эске салган.
Путин: КМШ өлкөлөрү – биздин эң жакын коңшуларыбыз жана досторубуз. Видео